• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келди

2 Чын куран 2020 15:37 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасына коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча аракеттерге колдоо көрсөтүү максатында Өзбекстан Республикасынан гуманитардык жардам келди. 

Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысынын орун басары Жасурбек Каримов коштоп келген жүктү Ош шаарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев тосуп алды.

Кыргыз Республикасына Өзбекстандан гуманитардык жардам катары 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргонуу костюм, 200 даана 95 респиратору, 20 000 кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы жеткирилди.

Гуманитардык жардам поезд аркылуу келип, 17 вагонго бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүктөлгөн.

Кыргыз тарап Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнө көрсөтүлгөн колдоону жогору бааларын жана боордош өзбек элине көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Белгилей кетсек, Өзбекстандан келген бул гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасына түшүрүлөт жана тармактык мамлекеттик органдардын макулдашуусу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө таратылат.

Количество просмотров: 108