• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанга жардам катары 560 кычкылтек концентратору келди

29 Теке 202018:36 Бишкек Govori.TV

Бишкекке «Ас Салам» фондунан 560 кычкылтек концентратору келди. Кычкылтек концентраторлорун алып келген учак бүгүн «Манас» аэропортуна конгон.

Гуманитардык жардам Кувейттин «Ас Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан берилди. Ал кычкылтек концентраторлору өлкөнүн аймактарына арасында бөлүштүрүлөт.

«Кычкылтек концентраторлору 7 облустун 44 районуна жөнөтүлөт. Эгер ал аппараттар жетпесе кошумча алып келгенге аракет кылабыз. Кувейт менен башка керектүү медициналык жабдыктарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди фонддун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев.

Количество просмотров: 98