• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Кырк чоро» ур-токмокко алынып каза болгон келиндер тууралуу үн катты

8 Үчтүн айы 2020 11:29 Бишкек Govori.TV

Үй бүлөлүк зомбулукка кабылып, ур-токмоктон каза болгон аялдар тууралуу «Кырк чоро» коомдук кыймылы билдирүү таратты. Бул тууралуу Замирбек Кочорбаев өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бул каргашалуу күндөрдө эки үй-бүлөнүн очогунда оту өчүп, балдарын эркелетип алардын бактысына бөлөнбөй апалары муздак кара жердин кучагында калышты. Баткенде, Кочкордо күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, каза болгон маркум келиндердин жакындарына көңүл айтам. Бул суук кабарды угуп биздин дагы кабыргабыз каяшып турат. Ушул маселелер боюнча жергиликтүү РОВДнын башчысы «бизге жубайлар урушуп, же күйөөсү мас абалында ур токмокко алып жатканы жөнүндө кабар келгени менен биз эч нерсе кыла албайбыз. Бизди 2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдар менен колу бутубузду кишендеп койгон. Мурун мындай кабар түшкөндө ар кандай аракеттерди көрчү элек. Жок дегенде 15 суткага камап койчук. Азыр өлтүрүп салгандан кийин гана чара көрө албабыз»-дейт. Дагы бир фбда Алмира атту журналист карындашым «жаш балдарга зордук, зомбулук көрсөткөн учурлар да байма-бай кайталанууда. Мурунку мыйзамдарга караганда учурдагы 2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдарда педофилдердин жазасы жеңилдетилитир»-деп билдирүү таратты. Ошондон кийин менде ушундай пайдасынан зыяны көп мыйзамдарды кимдер жазган, кимдер каржылаган деген ой келди. Жообун да таптым. Батыш каржылап бир нече миллион евро берген экен, ал эми ошол мыйзамдарды кайра эле батыштын акырынан жем жегендер жазышып, 2017-жылы биздин чимкирик парламентибиз оптом кабыл алып таштаптыр. Кызык анда эмнеге кайра эле ошол батыштын акырынан жем жегендер биринчилерден болуп аялдардын, жаш балдардын укугу деп кыйкырып чыгып жатат. Ошол мыйзамды жазып жатышканда эмнени ойлонушкан. Айтор менде толтура суроо», — деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

https://www.facebook.com/zamirbek.kochorbaev/posts/2617803331671386

Эске салсак, акыркы күндөрү эле Баткенде жана Кочкордо күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, көз жумган келиндер тууралуу окуялар коомдо талкууга алынган.

Количество просмотров: 184