Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиядагы жол кырсыкта каза болгондордун тизмесин жарыялады. Алардын арасында 47 жаштагы Азиз Каныбек уулу да бар. Анын артында бир уул, эки кызы калды. Маркумдун сөөгү туулуп-өскөн Жыгач-Коргон айылына жеткирилди.
Маркумдун жубайы Чынара Жакыпбекова «Азаттыкка» жолдошун эскерип, төмөндөгүлөрдү айтып берген.
«Орусияда жыргаганынан жүргөн жок. Ойлогон ой-максат, тилеген тилегине жетпей калды. 2005-жылы Казакстанга барып иштегенбиз. 2011-жылга чейин ошол жакта жүрдүк. Ал жакта ишибиз жылышпай, Орусияга кеттик. 2013-жылдан бери ошол жакта иштечүбүз. Уулум унаа сүйлөшүп берип, ишемби күнү жолго чыкмак. «Жеңил унаа экен, мен сүйлөшүп койдум. Бутуңуз ооруйт, унаанын алдында отуруп барасыз» деген уулум. Бирок жума күнү бирөө чалып эле «кеттик» деп калды. Саат 2ге чейин үйдө эс алды. Чай койдум, нан ооз тийбей чыгып кеткен. Эрте барып, даректи таба берейин, болбосо кетип калышат деп, шашкан. Мен эч жөнөткүм келбей, «барбай эле койчу» дегем. Балдарымды багам деп оокат үчүн жүрдү», — деген жубайы Чынара.