• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кышкы Олимпиада оюндарына катышчу жалгыз спортчуну кимдер коштоп барат?

24 Үчтүн айы 2022 14:16 Бишкек Govori.TV

Пекинде өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарында Кыргызстандын атынан лыжа тебүүчү Максим Гордеев катышат. Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, Пекинде кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында өтөт. Олимпиадага Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамында Максим Гордеев менен Игорь Борисовдон (машыктыруучу) тышкары миссиянын жетекчиси, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева да болот. Оюндарга Эл аралык олимпиада комитетинин чакыруусу менен КР УОКтун президенти Садыр Мамытов жана УОКтун башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев барат.

Белгилей кетсек, Гордеев Кыргызстандын чемпиону жана спорт чебери, Лыжа спорту боюнча эл аралык федерациясынын (FIS) колдоосу астында өткөн үч дүйнөлүк чемпионаттын, эки кышкы универсиаданын катышуучусу.

Количество просмотров: 131