Кыргызстандыктарга алдыдагы күз-кыш мезгилинде үйлөрдү жылытуучу электр жабдууларын колдонууга тыюу салынары паландалууда. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев «Биринчи радиого» берген маегинде айткан.
«Суунун тартыштыгына байланыштуу үйдү электр жабдуулар менен жылытууга толугу менен тыюу салууну көздөп жатабыз. Өчүрүүлөр болбойт. Биз жарыктын үзгүлтүксүз берилишин камсыз кылабыз, жөн гана үнөмдөө режимине өтүү керек»,-деген ал.