• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Кыска мөөнөттүү бала бакчалардын 820 тарбиячысы окутулду

11 Жалган куран 2024 15:14 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги кыска мөөнөттүү бала бакчалардын тарбиячыларын окутуунун биринчи этабы ийгиликтүү аяктаганын маалымдайт. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, бул демилге Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлору аркылуу ишке ашууда.

Тренингдердин биринчи этабында 820 тарбиячы окутулду. Бул адистер “Балалык” программасы боюнча 3 жаштан 6 жашка чейинки курактагы балдардын өнүгүүсүндө негизги ролду ойнойт.

Окутулган тарбиячылардын 700ү кыска мөөнөттүү 500 бала бакчада өз ишин баштайт, ал эми 120 адис 60 балдарды өнүктүрүү борборунда иштейт. Бул мекемелер өлкө боюнча миңдеген балдарга сапаттуу мектепке чейинки билим берип, аларга жашоонун мыкты башталышын камсыз кылат.

Окутуунун экинчи этабы 2024-жылдын май-июнь айларына пландаштырылган. Педагогдордун кесиптик көндүмдөрүн андан ары жогорулатуу Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт

Количество просмотров: 69