• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Кыска убакытта кызматтык секирик жасаган Абулгазиевдин дагы бир тууганы

20 Бугу 201918:32 Бишкек Govori.TV


Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.

31 жаштагы Урматбек Жакыпбеков учурда Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Кыргыз почтасы” мекемесинин башкы  директорунун орун басары кызматын аркалайт. Жаш жетекчи жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү.

Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин маалымат технологиялар факультетин аяктаган. Андан соң, Бишкек финансы-экономикалык академиясынын менеджмент факультетинен билим алган. Эмгек жолун системдик администратордуктан баштап, көп узабай Социалдык фондунун программисти катары кабыл алынып, тез арада  бөлүм башчылыкка көтөрүлдү. 2017-жылы байланыш жана маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитетинде электрондук кызмат көрсөтүү боюнча бөлүмдө адис, андан соң башкармалыктын башчысы.

Учурда, мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Кыргыз почтасы” мекемесинин башкы директорунун орун басары.

Урматбек Жакыпбеков премьер-министр Абылгазиев Мухамметкалый агасынын күйөө баласы.

Количество просмотров: 15