Кытайдын АКШдагы элчилиги америкалык бийликтин кытай товарларына болгон соода алымдарын 10 пайыздан 20 пайызга көтөрүү чечиминен кийин катуу билдирүү жасады.
«Эгер АКШ чындыгында фентанил көйгөйүн чечүүнү кааласа, анда эң туура нерсе бири-бирибизге тең-ата кайрылуу, Кытай менен кеңешүү. Эгер АКШ согушту кааласа, мейли ал тариф, соода же башка согуш болсун, биз аягына чейин күрөшүүгө даярбыз», — деп айтылат социалдык тармактагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.
Буга чейин Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Гуо Цзякун АКШ президенти Дональд Трамптын пошлиналарды көбөйтүүгө алып келгендин себептерин жетиштүү эмес деп атаган. Ак үйдүн башчысы бул чечимди кытай бийликтери синтетикалык опиоиддердин, анын ичинде фентанилдин АКШга агымын азайтуу үчүн жетиштүү чараларды көрбөй жатканы менен түшүндүргөн.
«Бизди коркутуп-үркүтүү мүмкүн эмес. Коркутуу бизге таасир этпейт. Кысым, мажбурлоо же коркутууну Кытай туура эмес кабыл кылат. Ким Кытайга максималдуу басым жасаса, ал туура эмес жолду тандайт», — деп баса белгиледи Гуо Цзякун.