КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинети менен «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коому биргелешип, долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууну карашты.
Мекемелер аралык комиссия – Кыргызстандын темир жол тармагын өнүктүрүү жана темир жол транспортунун транзиттик потенциалын ишке ашыруу, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында түзүлгөн.
Жыйын соңунда тиешелүү министрликтерге, комитет, административдик мекмемелерге, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана уюмдарга тапшырмалар берилип, мекемелер аралык комиссиянын ишиндеги маселелерди өз убагында жана сапаттуу чечүү жүктөлдү.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 6-июнунда Бээжин шаарында Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол куруу долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Макулдашууга ылайык, долбоордун жалпы наркы 4 млрд. 665 млн. долларга бааланган.