• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Шаардык жана эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графиги өзгөрөт

9 Бештин айы 2023 10:59 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 10-декабрынан тарта шаардык жана эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин графиги өзгөрөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы маалымдайт.

Төмөндө жаңы графиктин тизмеси:

  • Бишкек-Шу-Казань багыты боюнча №405/113-406/114 эл аралык эки топтук жүргүнчү поезди жаңы график боюнча жумасына бир жолу жекшемби күндөрү каттайт. Кетүү убактысы Бишкек-2 бекетинен саат 15:25те, Казанга 06:58де жетет (Москва убактысы боюнча);
  • № 6050/6051 Бишкек-1-Токмок ички каттам Бишкек-1 бекетинен саат 17:25те чыгып,Токмок бекетине саат19:42де жетет, ал эми эртең менен Токмоктон саат 05:05те чыгып, Бишкек-1ге саат 07:21де келет (жергиликтүү убакыт боюнча);
  • №6063/6064 Бишкек-2-Кайыңды ички каттам Бишкек-2 бекетинен саат 17:41 чыгып, Кайыңдыга 20:10до келет. Эртең менен Кайыңды бекетинен саат 05:07де чыгып, Бишкек-2ге 07:32де келет (жергиликтүү убакыт боюнча).
Количество просмотров: 117