• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду

21 Бештин айы 202413:44 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Министрлер кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу компаниясы” ишканасы 20-декабрда инвестициялык макулдашууга кол койду. Кыргыз өкмөтүнүн сайтына жарыяланган маалыматка караганда, кол коюу аземи Бишкектеги “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында өттү.

Макулдашууга Кыргызстан тараптан транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев жана “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу компаниясы” жоопкерчилиги чектелген коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Чжун Шэнгуй кол койгон. Иш-чарага Кытайдын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Ли Баоцзе жана Өзбекстандын элчиси Саидикрам Иязходжаев да катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев макулдашуу темир жолун долбоорлоону, курууну, каржылоону, эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камтый турганын, бул документтин кабыл алынышы менен процесс аны ишке ашыруу бөлүгүнө өткөнүн белгиледи.

“Жетекчилерибиздин ар тараптуу колдоосу менен гана бүгүн биз бул долбоордун фундаменталдык документтеринин бирине кол коюуга мүмкүнчүлүк алдык”, — деди Төрөбаев.

20-декабрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу 27-декабрда башталарын билдирген.

Количество просмотров: 125