• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга Кыргызстан 11 миллиард сом бөлөт

13 Аяк оона 202418:02 Бишкек Govori.TV

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга Кыргыз Республикасы 11 миллиард сом жумшайт. Бул тууралуу Каржы министрлиги сунуштаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда айтылат.

Документке ылайык, 2025-2027-жылдарга биргелешкен долбоордук компаниянын уставдык капиталына кыргыз тараптын салымы төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: 2025-жылы 2 миллиард 418 миллион сом, 2026-жылы 4 миллиард 291 миллион сом, ал эми 2027-жылы — 4 млрд 374 млн.

Эске сала кетсек, 2024-жылдын 6-июнунда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосунда темир жол долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлуп, каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш келишимди 19-июнда ратификациялап, президент Садыр Жапаров 27-июнда кол койгон.

Количество просмотров: 131