• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун негиздемеси бир жылдан кийин даяр болору айтылды

26 Баш оона 2022 9:24 Бишкек Govori.TV

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо иши 2023-жылдын экинчи кварталында жыйынтыкталат.

Бул тууралуу бүгүн 25-августта Бишкекте өткөн брифингде «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы инженери Роман Спасский билдирди.

Анын айтымында, негиздемени даярдоо үчүн Кытайдан 2-августта 157 адис келген. Алар азыр эки топко бөлүнүп, Нарын жана Жалал-Абад облустарында иштеп жатышат. Курулушту ким каржылай турганы чечиле элек, азырынча үч өлкө тең бөлүп төлөй турганы айтылууда. Кыргызстан, Спасскийдин билдиришинче, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк же инвестициялык макулдашуу аркылуу каржылоону караштырууда.

Дээрлик 20 жылдан бери талкууланып келе жаткан бул темир жолу боюнча чечим кабыл алынбай келет. Жолдун наркы болжол менен 5 миллиард долларга бааланган.

Акыркы жылдары темир жол багытынын бир нече версиясы талкууланган. Бүгүнкү күндө эң эле алгылыктуусу катары Торугарт−Арпа−Макмал−Жалал-Абад темир жолу болорун быйыл май айынын башында «Кыргыз темир жолунун» жетекчилиги билдирген. Дагы бир вариант – 8 чакырымга кыска Кара-Суу аркылуу өтө турган багыт.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге Шанхай кызматташтык уюмунун сентябрда өтө турган саммитинде кол коюларын быйыл 3-августта Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов журналисттерге билдирген.

Количество просмотров: 202