• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кытай Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам көрсөттү

27 Бугу 2021 9:03 Бишкек Govori.TV

Кытай Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам жиберди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.

26-майда КРнын куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясында Кытай Эл Республикасынын Элдик-боштондук армиясы тарабынан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө берилген аскердик-техникалык каражатты салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Иш-чарага КР коргоо министри Таалай Өмүралиев, Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень катышты.

Иш-чаранын аягында коргоо ведомствосунун башчысы Кытай Элдик-боштондук армиясына көргөзгөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы кызматташтыктын деңгээлин көтөрүүгө ишеним артты.

Аскердик-техникалык жардам КР менен КЭРдин куралдуу күчтөрүнүн ортосунда мурда кол коюлган келишимдерди ишке ашыруунун алкагында көрсөтүлдү.

Эскерте кетсек, аскердик-техникалык жардам акысыз берилди.

Количество просмотров: 164