• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кытай менен чек арадагы “Эркечтам” өткөрүү пункту убактылуу жабылды

24 Бугу 202215:45 Бишкек Govori.TV

Кытай менен чектешкен “Эркечтам” өткөрмө бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам транспорт жана жүктөрдү өткөрүү убактылуу токтотулган.

Кытай тарап сел жолдордун айрым жерлерин жууп, көпүрөлөрдү бузуп кеткенин, бирок кызматтар оңдоо иштерин баштаганын билдирди.

УКМК Чек ара кызматы айдоочуларды жана жүк ташуучуларды сапарларды пландаштырууда ушул жагдайларды эске алууга чакырды.

Количество просмотров: 101