• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Кытай Өзбекстанга эң көп инвестиция салган өлкө болуп калды

10 Бугу 2024 15:20 Бишкек Govori.TV

Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде Өзбекстанга келген чет элдик инвестициянын көлөмү боюнча Кытай биринчи орунга чыкты. 2023-жылдын аягында да Кытай Өзбекстанга эң көп инвестиция салган өлкө болуп калган.

Өзбекстандын Статистика агенттигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын январь-март айларында Өзбекстанда негизги капиталда инвестициянын көлөмү 107,1 триллион сумду (8,5 миллиард долларга жакын) түздү.

Негизги капиталдагы жалпы тышкы инвестициялардын жана насыялардын үлүшү 68,9 пайызга жетти.

Агенттиктин маалыматына караганда, жалпы чет элдик инвестиция менен насыяда Кытайдын үлүшү 23 пайыз, Орусиянын үлүшү 13,8 пайыз жана Түркиянын үлүшү 8,5 пайызды түзөт.

Мурда маалымдалгандай, Өзбекстанга салынган инвестициянын жана насыянын көлөмү боюнча 2022-жылы Орусия биринчи (20,3 пайыз), Кытай экинчи (16,4 пайыз) орунду ээлеген.

Количество просмотров: 87