• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кытайда 4-апрель коронавирустун курмандыктары үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланды

3 Чын куран 2020 13:57 Бишкек Govori.TV

Кытай бийлиги 4-апрелди коронавирустун курмандыктары үчүн аза күтүү күнү деп жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, өлкөдө үч мүнөттүк аза күтүү болуп, автоунаалардан, поезддерден, кемелерден жана абадан коргонуу техникаларынан сигналдар чыгарылып, өлгөндөрдүн элеси эскерилет.

Кошумчалай кетсек, Кытайда коронавирус илдети пайда болгондон бери жалпы 82,4 миң адам аталган вируска чалдыкты.

Количество просмотров: 298