• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кытайда бала бакчага кол салуудан 6 киши каза болду

10 Теке 2023 16:22 Бишкек Govori.TV

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында бала бакчага жасалган кол салуудан алты киши каза болуп, бир адам жараат алды.

Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында бир тарбиячы, эки ата-эне жана үч бала бар. Бычак менен кол салууга шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалганы кабарланды.

Полиция «атайылап жасалган кол салуу» деп атаган окуя 10-июлдун таңында Ляньцзян уездинде болду. Азырынча кылмышкердин эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз.

Соңку жылдары Кытайда бычак менен коомдук жайларда, анын ичинде мектептерде кол салган окуялар көп катталууда.

Былтыр августта өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Цзянси провинциясындагы бала бакчага белгисиз адам бычак менен кирип барып үч кишини өлүмүнө себепчи болгон.

2021-жылдын апрелинде Бэйлюй Гуанси-Чжуан автоном районундагы бычак менен жасалган кол салуудан эки бала каза таап, 16сы жараат алган.

Количество просмотров: 111