• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

30 Үчтүн айы 2024 10:37 Бишкек Govori.TV

Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 магнитудага жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология инситиутунун маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайдагы жер титирөөнүн очогу Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылынан 45 чакырым түштүк-батышта, Ыштык айылынан 60 чакырым түштүктө, Каракол шаарынан 153 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Бедел айылында 5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 179