Бишкек.16.05.2019.Govori.TV.
Кытай Республикасы Википедия ачык энциклопедиясына тыюу салды. «Викимедия» фондусунун маалыматына караганда, интернет энциклопедия Кытайда акыркы күндөрү таптакыр ачылбай калган.
Маалым болгондой, Википедия кытай тилинде гана иштебей келсе, апрель айынын аягынан баштап бардык тилдерде жеткиликсиз болуп калганы байкалган.
Белгилей кетсек, коңшу мамлекеттин элине Whatsapp тиркемесин дагы колдонууга бөгөт коюлган.