• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кытайда жер титирөөдөн 4 адам каза болду 

19 Бугу 202011:35 Бишкек Govori.TV

Кытайда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталып 4 адам каза болуп, 23 адам жаракат алды. Бул тууралуу РИА новости жазды.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 18-май күнү Юньнань аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Андан 5,5 миллион калкы бар Чжаотун шаарынын Цяоцзя калаасында үйлөр имараттар жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча 4 адам каза болуп, 23 адам жаракат алган.

Учурда жаратылыш кырсыгынан жабыркаган Цяоцзя калаасынын тургундарын башка аймактарга көчүрүү жана дайынсыз болуп жаткандарын издөө иштери жүрүүдө.

Количество просмотров: 213