Кыргызстанга киргизиле турган 26 тонна картошка кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиршти.
Маалыматка ылайык, Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти 2025-жылдын февраль айында Кытай Республикасынан кирген 26,13 тонна картошканы карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөргөн, жыйынтыгында бул жүктөрдө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган.
«Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген, Eвразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 4.4.3 пунктуна ылайык, жүктүн таңгагында тиешелүү маркировканын жоктугуна байланыштуу, 26,13 тонна картошка жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган», — дейт министрлик.