• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кытайдан келген адистер көзгө операцияларды жасашат

1 Баш оона 2023 15:35 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Кытайдан келген офтальмологдор акысыз негизде катаракта дартына текшерүү жана операцияларды жасашат.

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашыкандай, алдын ала текшерүү жана бейтаптарды каттоо Тоголок Молдо 1/7 дареги боюнча (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) 7-августтан 8-сентябрга чейин саат 09:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт (дүйшөмбүдөн жумага чейин).

Бейтаптардын жанында сөзсүз түрдө өздүгүн тастыктаган документ, маалымкаттар (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) болушу керек.

Байланыш үчүн телефон: 0990800483

Количество просмотров: 82