• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кытайдан медициналык ар кандай каражаттарды, буюмдарды ташып келүү үчүн талап коюлду

8 Чын куран 2020 21:49 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдан медициналык ар кандай каражаттарды, буюмдарды ташып келүүнү каалаган ишканаларды жана жеке менчик компанияларды бул мамлекеттин талаптарын сактоого чакырды.

Кытайдын тийиштүү органдары медициналык жүктү экспорттоого кошумча талаптарды киргизишти.

Тактап айтканда, коронавирусту аныктоочу экспресс-тест, беткап, коргоочу кийимдер, жасалма дем алдыруучу аппарат, дене табын текшерүүчү жабдык ташып бараткан компания бажы документтеринен тышкары медициналык жүк экспортоо боюнча декларацияны жана жогорудагы товар импортоочу өлкөнүн талаптарына жооп бере тургандыгы жөнүндө негиздемени көрсөтүшү керек.

Количество просмотров: 1086