• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кытайдан Өзбекстанга жаңы жүк ташуучу темир жол каттамы пайда болду

15 Баш оона 2022 15:55 Бишкек Govori.TV

13-августта Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясынын Уси шаарынан жүк ташуучу поезд Борбор Азияга жөнөп кетти. Бул тууралуу «Жэньминь цзибао» кытай гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, жалпы баасы 30 миллион юанды (4,4 миллион АКШ доллары) түзгөн 1000 тонналык товардын арасында тиричилик техникалары жана автоунаа тетиктери бар. Поезд болжол менен 20 күндүн ичинде Өзбекстанга жана Казакстанга келет.

«Уси шаарынын Батыш бекетиндеги логистикалык парктан белгилешкендей, пандемия башталгандан кийин тышкы соодага ылайыкташкан ишканалар товарларын экспорттоодо кыйынчылыктарга кабыла башташкан. Жүк ташуучу жаңы темир жол каттамынын пайда болушу бул ишканалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», – деп жазды басылма.

Өткөн жылы декабрда «Синьхуа» агенттиги Кытайдын Шэниси аймагынан Өзбекстан менен Казакстанга жүк ташуучу поезд жүрө баштаганын жазган.

Ошол эле маалда акыркы апталарда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору боюнча сөздөр көп айтыла баштады. Буга чейин бул долбоор тууралуу Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери жана эки өлкөнүн бир катар расмий адамдары билдирүүлөрдү жасашкан.

Количество просмотров: 5445