• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында акция өткөргөндөргө айып пул салынды

19 Бугу 2021 9:14 Бишкек Govori.TV

Алматыда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылып Кытай консулдугунун алдына 100 күндөн бери акцияга чыгып жаткан жарандар административдик жоопкерчиликке тартылды.

Алматы соту аларды «тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузууга» күнөөлүү деп таап, бешөөнү 61 550 теңгеден, бирөөнү 41 миң теңге айып пул төлөөгө милдеттендирди. Акциянын дагы бир катышуучусуна сот эскертүү берди.

— Биз айыптоолорду четке кагып, айып пул төлөбөй турганыбызды айттык, — деди Гульнар Косдаулет аттуу акция катышуучусу.

18-майда Шинжаңда камакта отурган жакындарын бошотууну талап кылган жарандар Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чогулушкан. Аларды полиция имаратка жакын келтирбей, акциянын соңунда бир канчасын кармап кеткен.

Чогулгандар ага чейин Кытайда казактарга каршы геноцид жүрүп жатканын айтып, Казакстандын бийлигин бөлүнүп калган үй-бүлөлөрдүн көйгөйүнө кайдыгер мамиле кылып жатат деп айыпташкан. 100 күндөн бери акция өткөрүп жаткан жарандарга кытай дипломаттарынан эч ким чыккан эмес.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү «саясий тарбия берүүчү лагерлер» деп аталган жайларда негизсиз камалып жатканы 2017-жылдан бери кабарланып келет. Кытай бийлиги мындай дооматтарды четке кагууда.

АКШнын бийлиги, Бельгиянын, Нидерланддын жана Канаданын парламенттери Бээжинде геноцидге айыпташкан. Кытай Шинжаңдагы аракеттерин «өлкөнүн ички иши» жана «терроризмге, экстремизмге каршы көрүлүп жаткан чаралар» деп атап келет.

Количество просмотров: 215