Кытайдын Израилдеги элчиси Ду Вэйдин жансыз денеси жашап жаткан үйүндө табылды. Полициянын өкүлү журналисттерге билдирген маалымат боюнча, денени 17-майда эртең менен Тель-Авива аймагындагы үйдөн табышкан.
Ал эми жергиликтүү телеканал элчинин өлүмү табигый болгонун маалымдаган.
57 жаштагы Ду Вэй бул кызматка 2020-жылдын февраль айында дайындалган болчу. Мурда Кытайдын Украинадагы өкүлү болгон.
«Би-би-си» жарыялаган маалымат боюнча, 15-майда Кытайдын Израилдеги элчилиги Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун коронавирус менен күрөшүүдөгү Пекиндин ишин сындаган билдирүүсүнө жооп кайтарган. Катчынын билдирүсүн абсурд деп аташкан болчу.