19-20-ноябрда Кытайдын тышкы иштер министри — Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Ван И расмий визит менен Кыргызстанга келет.
Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, визиттин жүрүшүндө өлкө жетекчилиги менен жолугушуулар, КР тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги Стратегиялык диалогдун I жыйынынын өткөрүлүшү жана эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.
Сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.