• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кытайлар кыргызстанга саякаттайбы же саясаттайбы?

5 Тогуздун айы 2018 18:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.10.2018. Govori.TV
Кытай жарандарын өлкөгө визасыз киргизүү идеясы коомчулуктун каарына калды. Андагы түрдүү пикирлерден улам, кыргыз эли кытай жарандарын анча жактыра бербегендигин баамдоого болот.
Депутат Махабат Мавлянованын парламент жыйынында Кытай туристтерин өлкөгө “визасыз киргизүү” сунушу, коомчулуктун каршы пикирин жаратты.
Бул пикир боюнча социалдык тармакта катуу талкуу жаралып, айрымдары ачык кайрылуу жасай баштады.
Мавлянованын мындай сунушун экономика менен байланыштырса болот. Дүйнөлүк практикага таянып, эки тараптуу келишимди кабыл алуу керек. Башкача айтканда кытай дагы кыргызстанга ушундай эле мүмкүнчүлүк түзүүсү керек. Бирок, кытай мындай кадамга барбайт деген пикирин айтты жарандык активист Адил Турдугулов. Анын айтуусу боюнча бул сунушта Кыргызстан утулуп калуусу мүмкүн.
Кыргызстанга кытайдан канча турист келгендиги тууралуу расмий маалымат жок, бирок, кытай эли Кыргызстанга турист катары келүүгө анча деле кызыктар эмес экендиги белгилүү. Антсе да бул сунушту дароо эле четке какпай, аталган өлкө менен келишим түзгөн мамлекеттердин тажрыйбасына таянып, карап көрүүгө арзый турган маселе деген оюн айтты Рита Карасартова.
Буга чейинки маалыматтарга караганда, кытайлар Кыргызстанга турист катары эмес, жумушчу катары келгендиги жалпыга маалым. Эгерде бул келишим ишке ашса кытайлар кыргызстанга саякат үчүн келеби же саясат үчүн келеби бул белгисиз.

 

 

Количество просмотров: 41