• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кытайда жаңылыктарды алып баруучу робот-аял пайда болду

9 Жалган куран 2019 14:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.03.2019. Govori.TV

Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги анын жаңылыктар командасы жаңы алып баруучу менен толукталганын кабарлады.

Жаңы алып баруучу Синь Сяомэн жасалма интеллекти бар реалдуу система болуп саналат жана ал дүйнөдөгү алгачкы робот алып баруучу болуп калмакчы.

Синь Кытайдын мыйзам чыгаруу жана саясий органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлө турган “Эки сессия” деп аталган программада алгачкы дебютун өткөрмөкчү.  

Буга чейин да тактап айтканда 2018-жылдын ноябрь айында  «Синьхуа»  жасалма интеллектеги эки эркекти тааныштырган. Бул роботтор 24 саат тынбай иштегенге жөндөмдүү.

Булак: Барометр

Количество просмотров: 44