• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Махабат Мавлянова: Кытай туристтерин визасыз киргизүү керек

4 Тогуздун айы 2018 16:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 04.10.2018. Govori.TV
Парламенттин отурумунда “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова Кытай мамлекети менен визасыз режимге өтүүнү сунуштады.
Анын айтымында, кытайлык туристтер көптөгөн өлкөлөргө жакшы киреше алып келет.
“Кыргызстанда миграция күчөдү, себеби, өлкө баардык жарандарды жумуш орду менен камсыз кыла албайт. Барыбызга белгилүү болгондой, өлкөбүздүн туристтик мүмкүнчүлүгү өтө жакшы. Россия менен Казакстан көп жылдардан бери эле Кытай менен визасыз иштеп келет. Эмне үчүн биз мындай мүмкүнчүлүктү туризимди өнүктүрүү үчүн колдонбойбуз,”-деген пикирин билдирди.
Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына берген маалыматында дагы кененирээк айтып берди.

https://www.facebook.com/kenesh.kg/videos/479460962828393/

Количество просмотров: 29