• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыз ала качууга шектүүлөр кармалды

27 Жетинин айы 2023 16:31 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө никеге туруу максатында кыз ала качууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрь күнү Бостери аймактык милиция бөлүмчөсүнө Ысык-Көл районунун 2003-жылы туулган И.З. аттуу туругуну арыз менен кайрылган. Ал өзүнүн арызында ошол эле күнү саат болжол менен 15:00 чамасында Корумду айылаймагында белгисиз үч адам «Ауди» үлгүсүндөгү унаа менен анын эркине каршы күч колдонуп, никеге туруу максатында ошол эле айылга ала качып кеткендигин билдирип, тиешелүү чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Арыз Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Ысык-Көл райондук милицсянын Бостери аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ыкчам-тергөө тобу барып, Корумду айылынын 1981-жылы туулган Э.Э., 1980-жылы туулган Б.М. жана 1998-жылы туулган Д. Б. кармалып, милиция бөлүмчөсүнө жеткирилген. Алдын ала суракта кармалган шектүүлөр өз күнөөлөрүн мойнуна алышкан.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин («Никеге туруу максатында адам уурдоо») негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөргө карата Ысык-Көл райондук сотун тарабынан 1-ай камака алуу башка коргоо чарасы кабыл алынган.

Тергөө амалдары уланууда

Количество просмотров: 197