• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Кыз ала качууга шектүүлөр колго түштү

6 Бештин айы 202411:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте үйлөнүү максатында кызды ала качып кетишкен. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул окуя 5-декабрда кечки саат 9дарда болгон.

Жигиттер 24 жаштагы кызды уурдап, белгисиз тарапка алып кетишкен. Бишкекте жана Чүй облусунда «Перехват» планы ишке кирген.

Түнкү саат он бир жарымдарда Сосновка постунан инспекторлор машинаны токтотушкан, ошол машинанын ичинде ала качып баратышкан кыз болгон.

Адам уурулукка шектүү 28 жаштагы А.У.М, 30 жаштагы М.У.С жана 28 жаштагы Б.Ж.Б. милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Количество просмотров: 162