• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыз ала качып бараткандар кармалды

12 Чын куран 2024 10:54 Бишкек Govori.TV

Кара-Кулжада кыз ала качып бараткан жигиттер кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 11-апрелде болжол менен саат 16:30да болгон. Белгисиз жарандар Ош шаарынын 19 жаштагы тургунун Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага салып, белгисиз тарапка ала качып кеткен.

Бул факты Ош ШИИБге катталып, “Курчоо” иш мерчеми киргизилген. Ыкчам аракеттердин жүрүшүндө ала качууга шектелген жигиттер кармалып, Тергөө кызматына өткөрүп берилген. Ал эми унаа айып короосуна киргизилген.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыз ала качуу кылмыш экенин эскертип келет.

Количество просмотров: 469