• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте кыз ала качкан шектүүлөр кармалды

7 Бирдин айы 20259:46 Бишкек Govori.TV

Бишкекте никеге туруу максатында кыз уурдоого шектүүлөр кармалды.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, милицияга 2002-жылы туулган кыз кайрылып, 5-февралда саат 23:40 чамаларында Арзамаск көчөсүндө аны «Б» жана «Э» атуу эки адам күч менен унаага салып кетишкенин айткан. Бирок алар Жамгерчинов—Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинен кызды унаадан түшүрүп кетип калышкан.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (никеге туруу максатында ала качуу ) менен каттоого алынган.

Шектүү катары 1995-жылы туулган Б.Б. менен 1994-жылы туулган Ж.Э. аттуу жарандарды кармап,
убактылуу кармоочу жайга киргизген.

Учурда тергөө уланууда.

Количество просмотров: 245