• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Кызамыкка каршы эмдөө. Аймактарга 755 миң доза вакцина жеткирилди

18 Аяк оона 202312:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында аймактарга 755 миң доза вакцина жеткирилди. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча эмдөө кампаниясынын алкагында 9 айдан 7 жашка чейинки 700 миң баланы эмдөө пландаштырылган.

«Азыркы учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында абал курч. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен ушул төрт аймакта эмдөө жүргүзүлөт. 2024-жылы башка аймактарга дагы эмдөө жүргүзгөнгө аракет кылабыз. Азыркы учурда 755 миң доза вакцина аймактарга жеткирилди. Эмдөө жүргүзүү үчүн 1,5 миң дарыгер окутуудан өткөрүлүп, эмдөө кампаниясына дайындалды», — деди Ишенапысова.

Белгилей кетсек, эмдөө 18-сентябрдан 29-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 54