Чүйдө 29 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалган 24 жаштагы жаран СИЗО-1ге 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан тастыктады.
Эске салсак, 6-июнь күнү милицияга Ысык-Ата районундагы дачалардын биринде кыз зордуктоо фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Кийин 29 жаштагы А.Н. бейтааныш адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылып, 5-июнда чала тааныш адам аны үйүнө жеткирем деген шылтоо менен анын каалоосуна каршы Ысык-Ата районундагы дачалардын бирине алып кеткенин айткан. Ал жерде күч колдонуп кармап, денесине залал келтирем деп коркутуп, андан соң зордуктаган. Кыз эртеси качып кеткенге үлгүргөн.
Аталган факты боюнча «Адам уурдоо», «Зордуктоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.