Бишкек.05.08.2019.Govori.TV.
Рио-де-Жанейродо наркотөбөл түрмөдөн качуу үчүн кызына окшоп кийинип алып из жашырууга аракет кылды. Бул туралуу чет элдик басылмалар жазды.
Белгилүү болгондой, наркотөбөл силикон беткап менен ага жолугуу үчүн абакка келген кызынын кийимдерин кийип, түрмөдөн качып кетүүгө аракет жасаган. Ал эми полиция кызматкерлери өзүн аябай олдоксон алып жүргөн «кызга» көңүл бурушуп, натыйжада анын абактан качуу планы бузулган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылууда.