Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев балдарынын чет өлкөдө билим алуусу боюнча айтылган сындарга комментарий берди.
Ташиев өз билдирүүсүндө маселенин маңызын түшүнбөгөндөр көп экенин белгилеп, мамлекеттик кызматта жүрүп балдарын чет өлкөдө окутуп жатканын айтып чыгышкан.
Ал азыркы кызматына келе электе эле уулун Италиядагы футбол академиясына окууга жибергенин баса белгиледи. Камчыбек Ташиев бул маалыматты бүгүн социалдык тармактарда – Фейсбукта эскерткенин белгиледи.
