• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кызматка кыянаттык кылып кармалган кызматкер ошол кызматта кайра иштеп жатканы белгилүү болду

23 Тогуздун айы 202418:10 Бишкек Govori.TV

“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айыпталып, кызматтынан убактылуу четтетилген Ош мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкарбек Пайзиев иштеп жаткандыгы маалым болду. Бул маалыматты аталган мекемеден тастыкташты.

Бирок мекеме анын качан жумушка чыккандыгын ачыктаган жок.

УКМК Пайзиевди июнь айында «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыптап кармаган. Аны менен кошо Жолдор башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Олжобаев да кармалган.

6-июнда Ош шаардык соту аларды 31-июлга чейин үй камагына чыгарган. Алар тергөө иштери бүткөнгө чейин жумуштан алынган.

Шумкарбек Пайзиев Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп 2022-жылы декабрь айында дайындалган. Ал буга чейин Алай райондук мамлекеттик администрациясында, Ош мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүндө эмгектенген.

Количество просмотров: 364