Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик бажы кызматынын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү пункттарында туруктуу коррупциялык схеманын ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматчылары, Бажы кызматынын жана башка көзөмөлдөөчү органдардын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз акча чогултуу фактылары аныкталган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, үстүбүздөгү жылдын 5-июлунда ”Кадамжай“ жана ”Чечме“ көзөмөл-өткөрүү пункттарында шектүү кызмат адамдары кармалды.
Тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында ири өлчөмдөгү улуттук валюта, өзбек суму жана АКШ долларлары табылып, далил буюм катары алынды. Кошумча тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга төмөнкү кызматкерлер жана жарандар жеткирилди:
“Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда”,-деп айтылат маалыматта.