• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Кызматтык» деген статусу бар турак жайды менчиктештирүү боюнча мыйзам кабыл алынды

25 Кулжа 2020 11:44 Бишкек Govori.TV

«Кызматтык» деген статусу бар турак жайды менчиктештирүү боюнча мыйзам кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Турак-жай кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапты.

24-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, жактырылды.

Андан тышкары, парламент жыйынында “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору да үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Мыйзам долбоору депутаттар Аманкулов М.А., Бекешев Д.Д., Мавлянова М.Э., Эргешов А.М., Жунус уулу Алтынбек, Аттокуров Д.Б., Джураев С.М., Баймуратов К.Ш., Жунус уулу Адыл, Момбеков Р.Ч., Ормонов У.З., Сыдыков Б.У., Конушбаев Т.К., Жумалиев К.М., Исаев Ж.Б., Тотонов Н.Т., Жеенчороев М.К., Строкова Е.Г. тарабынан демилгеленген.

«Белгилей кетсек,  бүгүнкү күндө турак — жай шарттарын жакшыртууга «кызматтык» деген статусу бар кызматтык турак  — жайды кезектүүлүк тартибинде алган жарандар көптөгөн жылдар бою кезекте туруп, эмгектик мамилелер токтотулган учурда андан ажырап калуу тобокелдиги бар. Андыктан сунуш кылынган мыйзам долбоору көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечет жана курулуш долбоорун аяктоо жана андан соң ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк берет», — деп айлытат маалыматта.

Количество просмотров: 546