• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Кызын чыбык менен сабаган киши кармалды

3 Бештин айы 202423:10 Бишкек Govori.TV

Ноокенде милиция кызматкерлери кичинекей кызды сабап жаткан 41 жаштагы жаранды кармашканын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин интернетке кичинекей кызды бутак менен сабап жаткан адамдын видеосу тараган.

Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына караганда, Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгына 36 жаштагы О.К кайрылып, 41 жаштагы күйөөсүнө карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 14-ноябрда аны эч себепсиз сабап, андан соң үйдөн кууп чыккан. Ал улуу кызы менен кеткен. Үйдө 5 жаштагы кызы жана улуу уулу калган.

Милициянын маалыматы боюнча, ал киши кызды сабап жатканын видеого тартып алып, аны аялына, эгер үйгө келбесең, мындан да күчөйт деп коркутуп жиберген.

27-ноябрда бул факт каттоого алынып, андан соң иш Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө тергөө үчүн өткөрүлүп берилген. Бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө – аялга жана анын үч баласына керектүү экспертизалар дайындалды. 41 жаштагы К.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 445