• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Өлүм менен коштолгон Аксыдагы көк бөрү

6 Бирдин айы 201914:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.02.2019. Govori.TV.

Аксы районунун Боспиек айылында 4-февралда көк бөрү боюнча мелдешинде 2 ат өлүп, 2 жигит ооруканага түшкөн. Учурда жабыркаган 2 жигиттин абалы жакшы. Бул тууралуу 6-февралда Аксы райондук администрациясынын кызматкери Мирлан Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, көк бөрүдө 3 ат карама-каршы багытта келип, сүзүшүп алышкан.

«2 ат ошол эле жерде жан берген. Бактыга жараша оюнчулар аман калышты. Учурда алардын абалдары жакшы. Алар ооруканада дарыланууда», — деди ал.

Оюнга күбө болгондордун айтымында, улакты алып бара жаткан оюнчуга карама-каршы багыт менен эки атчан чыга калган. Кагылышуудан кийин 2 ат ошол жерде жан берген, 2 жигит жабыркап ооруканага жеткирилген.

Аксы аймактык ооруканасынан алынган маалыматка караганда, учурда жабыркаган жигиттин биринин кабыргасына катуу сокку болгон. Экинчисинин колу-буту сынган.

«Учурда алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалдары жакшы», — деп билдиришти ооруканадан.

Булак: turmush.kg

Количество просмотров: 22