Улуттук аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо альянсы 17 жаштагы Айсулуунун өлтүрүлүшүнө байланыштуу ачык кайрылуу жасап, өлкөдө өлүм жазасын кайтаруу демилгесине реакция кылды.
Текстти толук келтиребиз.
«Кыргызстан кайрадан трагедияларга күбө болууда: 17 жаштагы Айсулуунун өлтүрүлүшү. Биз терең кайгырып, кыздын жакындарына жана туугандарына көңүл айтабыз. Бул трагедия биздин өлкөдөгү аялдардын жана кыздардын корголбогондугунун көрсөткүчү болуп калды. Балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын жана адам уурдоолордун өсүшү, 2019-2023-жылдар аралыгында 100%га көбөйгөнү, эң аялуу катмарды коргоодогу системалуу көйгөйлөрдү көрсөтүп турат», — деп айтылат кайрылууда.
Альянс мүчөлөрүнүн баса белгилешинче, өлүм жазасын кайтарууга чакырыктар кылмышкерлерди токтото албайт.
«Чыныгы коргоо үй-бүлөлүк зомбулукту кылмыш катары таануу, оор кылмыш жасаган кооптуу адамдарга натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү, жазанын сөзсүз түрдө болушу, аялдарды жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик программа аркылуу гана мүмкүн», — деп эсептешет эксперттер.
«Айзиректин кайгылуу өлүмүнөн кийин биз мамлекеттик органдарга кайрылуу жасаганбыз, бирок эч кандай реалдуу өзгөрүүлөр болгон жок, бул аялдарды жана балдарды коргоо механизмдеринин системалуу алсыздыгын тастыктайт», — деп белгилешти Альянстын өкүлдөрү.
Алар ошондой эле аялдарды жана балдарды коргоо боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү зарылдыгын белгилешет, ал комплекстүү мамилени камсыз кылат: зомбулуктун алдын алуу, жабырлануучуларды коргоо, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу жана кооптуу адамдарга натыйжалуу көзөмөл жүргүзүү. Чечим кабыл алуучу саясатчыларга кайрылууда балдарга жана аялдарга карата зомбулукка жол берилбестиги жөнүндө так сигналдарды берүүгө жана системалуу түрдө күрөшүүгө чакырык ташталды.
Билдирүүдө айтылгандай:
Кайрылуунун авторлорунун маалыматы боюнча,
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Пробация департаментине кандай чаралар зарыл:
оор жана өзгөчө оор кылмыштарды, айрыкча зордуктагандарды жана киши өлтүргөндөрдү жаза мөөнөтүн өтөп чыккан адамдарды көзөмөлдөө үчүн электрондук билериктердин санын көбөйтүү; сот алдында катуу көзөмөлдү жана отчеттуулукту камсыз кылуу.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине (ИИМ):
кооптуу адамдарды аныктоо жана көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүү, пробация органдары менен биргелешкен мониторингди уюштуруу, көзөмөл шарттары бузулганда дароо кийлигишүүнү камсыз кылуу.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине:
аймактык бөлүмдөрдө гендердик зомбулуктан коргоо боюнча бөлүмдөрдү түзүү жана күчөтүү; кризистик борборлор, баш калкалоочу жайлар жана ишеним телефондору менен ишти координациялоо; зомбулуктун курмандыктарына колдоо көрсөтүү. Жергиликтүү деңгээлде балдарга жардам берүү борборлорун түзүү, анда жабыр тарткан балдарга комплекстүү психологиялык, юридикалык жана социалдык колдоо көрсөтүлөт. Кризистик борборлорду, баш калкалоочу жайларды жана ишеним телефондорун туруктуу каржылоону камсыз кылуу. Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алууну, укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутууну жана жабырлануучуларды коргоонун комплекстүү ыкмасын камтыган аялдарды жана балдарды коргоо боюнча улуттук программаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
«Биз Кыргызстандын президентине жана өкмөтүнө кайрылабыз: өлүм жазасы коргоо эмес. Зомбулукту кылмыш катары кароо, кооптуу кылмышкерлерге көзөмөл жана жазанын сөзсүз болушу гана аялдар менен балдарды реалдуу коргоону камсыздайт. Айсулуунун өлүмү сыяктуу трагедиялар кайталанбашы үчүн мамлекет дароо чара көрүүгө милдеттүү. Биз, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча иштеген жарандык коомдун өкүлдөрү, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүү үчүн мамлекеттик органдар менен кызматташууга даярбыз», — деп жыйынтыкташты Аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча улуттук альянста.
Төмөнкүлөр кайрылууга кол коюшту:
«Балдардын укугун коргоо лигасы» КФ;
«Ракка каршы бирге» КФ;
«Кыргызстандын аялдар альянсы» КФ;
«Ак жүрөк» кризистик борбору;
«ДИА» КФ;
«Теңдик» КБ;
«Дени сак демилгелер» КБ;
«Кыргыз таануу» КБ;
«Инновациялык чечим» КФ;
«Медиа Консалт» КФ;
«Алга» КБ;
КР медиасынын аракет платформасы жана башкалар.
Эскерте кетсек, КР президентинин администрациясы КР Кылмыш-жаза кодексине балдарды зордуктоо, ошондой эле аялдарды өлтүрүү менен коштолгон зордуктоо үчүн өлүм жазасы жөнүндө норма киргизүү боюнча түзөтүүлөрдү даярдап жатканы белгилүү болду. Бул билдирүү 17 жаштагы Айсулуунун өлтүрүлүшүнүн фонунда жасалды.