Лада Орозбаева Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
Лада Орозбаева Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
12 Аяк оона 2018 12:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV.
Лада Орозбаева Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
2018-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Орозбаева Лада Джантаевна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.
Ал эми президенттин дагы бир кол койгон буйругуна ылайык, Момункулова Мээрим Авасбековна Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.