• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Лагуна Сити» пансионатындагы таунхаус толугу менен күйүп, 3 адам жабыркады

26 Теке 2018 13:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 26.07.2018.Govori.TV
Ысык-Көл районунда «Лагуна Сити» пансионатындагы таунхаус толугу менен күйгөн, өрттүн кесепетинен 3 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
25-июль күнү саат 18:20да Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кожояр айылында жайгашкан «Лагуна Сити» пансионатындагы таунхаустан өрт чыккан. Өрт саат 20:06да чектөөгө алынып, саат 01:15те толук өчүрүлгөн (майда-барат өрттүн очогун өчүрүү, түтүндү жок кылуу, тактоо иш-чаралары камтыйт).
Өрт болгон жерде жергиликтүү тургундардан 3 эркек адам (1984-ж.т. Б. А., 1984-ж.т. А. К., 1986-ж.т. К. Р.) II даражадагы күйүк алышып, Ананьево айылындагы ооруканага жаткырылган. Өрттүн кесепетинен жыгачтан курулган жалпы аянты 1000 чарчы метр таунхаус толугу менен күйүп кеткен.
Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнен 3 өрт өчүрүүчү бөлүм жана 4 куткаруучу, ИИМ кызматкерлери, медициналык тез жардам кызматынан 2 бригада тартылган.

 

Количество просмотров: 20