• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Лебединовкадагы «Арзу Гранд» кафесинин өрттөн кийинки көрүнүшү мышык ыйлай турган абалда

3 Аяк оона 2018 8:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.09.2018.Govori.TV.

Лебединовкадагы «Арзу Гранд» кафесинин абалы тилсиз жоодон кийин мышык ыйлай турган абалга келген. Көпчүлүк интернет колдонуучулары бул кафе аябай жакшы кафе болгонун жазышууда.

Бирок өрт эч нерсеге карабай бул имаратты аз убакыттын ичинде жалмап таштаган. Кафенин өрттөн кийинки абалы тартылган видео интернетке тарады. Тартылган кадрдан кафенин негизги залынын баары күйүп күлгө айланганын көрүүгө болот.

«Арзу Гранд» кафесинин имараты күйүп жатканы тууралуу маалымат өрт өчүрүүчүлөргө 1-сентябрда саат 21:09 чамасында жеткен. Бирок алар тилсиз жоону тез токтотууга алсыз болушкан.

Өрт толук түрдө 2-сентябрга караган түнү саат 4:30дарда толук өчүрүлүп бүткөнү белгилүү болду.

Количество просмотров: 20