• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Легендалардын футболдук беттешинин максаты эмне?

30 Баш оона 2022 18:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу КМШ өлкөлөрүнүн мыкты делген оюнчулары биздин кураманын мурдагы ардагерлери менен беттешкени турат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

«Оюндун башкы максаты өлкөдө футболду жайылтуу менен спортко жаштарды шыктандыруу. Ошондой эле Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгына карата уюштурулган. Президент Садыр Жапаров бүгүн өзү Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын курамында ойнойт. Биз өлкө башчыга сунуш киргиздик, макулдугун киргизди»,-деди Жаманкулов.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 30-августта борбор калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футболдук беттеш өтөт. Иш-чара саат 18:00дө концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттеш саат 20:00дө башталат. Түз эфир УТРК аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Күйөрмандардын алдында легендалардын матчынын атайын чакырылган коногу «Город 312» тобу жана ата мекендик эстрада жылдыздары өз өнөрлөрүн көрсөтөт.

КМШ өлкөлөрүнөн келген футболдун ардагерлеринин командасында Ринат Дасаев, Дмитрий Аленичев, Александр Азимов, Егор Титов, Хорен Оганесян, Марат Кабаев, Мухсин Мухамадиев, Евгений Алдонин, Эрик Яхимович жана башкалар бар.

Кыргызстандын футбол боюнча ардагерлеринин курамасында Владимир Орешин, Закир Джалилов, Комол Тайчиев, Сергей Фокин, Нематжан Закиров, Ясын Мусаев, Валерий Березовский, Марлен Касымов, Сергей Лисичкин, Вячеслав Прянишников жана башкалар. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытовдор бар.

Количество просмотров: 66